Биз социалдык тармакта

Элчилик: "Орусияда 2020-жылдан бери камакта отурган Кыргыз жарандары акталды"

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында жергиликтүү тургунду тоноого айыпталып жаткан Кыргыз жарандары акталды. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен кабарлашты.
"Санкт-Петербургдун тургунун тоноду деп тергөө органы тарабынан айыпталып жаткан 1993-жылы туулган Д.У.З., 1985-жылы туулган С.Н.Д. жана 1991-жылы туулган М.У.Б., аттуу Кыргыз жарандары 5-июлда Санкт-Петербургдун Фрунзе райондук сотунун өкүмү менен кылмыш ишинин курамынын жоктугуна байланыштуу акталып, сот залынан бошотулду. Аты аталган Кыргыз жарандары 2020-жылдын февраль айынан бери камакта отурган", - деп айтылат маалыматта.
Соттун айыпталуучуларды актаган чечим чыгарышына, аларды жактаган тараптын кесипкөйлүгү, тыкыр жана жигердүү иштеши да жардам берди деп кошумчалашты элчиликтен.
Буга чейин "Санкт-петербургдук аялды көчөдөн курал менен тоноо учуру видеого түшүп калган" деген маалымат жарыяланган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Belek1710
2021-07-08 09:26:36
1,5 жылдык компенсация төлөп бериш керек эмне оюнчукбу отургузуп коюш.
+5
Asmat84
2021-07-08 09:41:47
Belek1710, сөзсүз түрдө төлөш керек компенсация, моралдык ущерб деп төлөп бериши керек
+2
Tursunbaev1978
2021-07-08 12:27:23
Asmat84,төлөбөйт,керек болсо кечирим да сурабайт
+1
Malik92
2021-07-08 13:03:30
Tursunbaev1978,
78-жылкылар тоок мээ болушат оз алдынча ой жугурто албайт.
-1
Malik92
2021-07-08 13:07:34
Орхан Инанды деп чыккан бок басарлар чыгышсын компенсация толосун деп митингке. Кайда калды Жанар балашка ушуларга куйбойсунорбу 1,5-ж куноосуз камакта отурган адамга.
0
Rifle_I
2021-07-08 13:27:12
Дагы биздин бир дараныбыз камалган эле тажиктер кылмыш иш козгоп. Ал жараныбыз эмне болду?
0
Aky12
2021-07-08 13:46:42
Rifle_I,Ал да бошотулуптур
0
Manas230595
2021-07-08 22:30:00
канчалаган бее куно жарандарыбыз турмодо отурушат бир бекер адвокат юрист иштесе жакшы болмок айрыкча Москвада орус уруп койсо ба таяк жеген кыргызды кунолуу кылып дагы бир эки ишти мойнуна койуп камап койушат вообще безпредел болгону 6 млн калкы бар мамлекет ошону да коргой алышпайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан