Биз социалдык тармакта

"Орхан Инанды Түркиянын жарандыгынан чыккан эмес". Бишкек ШИИББи анын уурдалышы боюнча тергөө жүргүзүп жатат

Бишкек ШИИББинин тергөө кызматы "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын уурдалышы боюнча фактыны тергеп жатат. Сотко чейинки процесстин жүрүшүндө Орхан Инанды Кыргыз жана Түрк жарандыгы боюнча кош жарандуулукка ээ экени такталды.

Башкармалыктын маалыматына караганда, Орхан Инанды 2012-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын ID паспортун жана 2012-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун алган.

"Орхан Инанды Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортуна ээ болуп туруп 2024-жылдын 23-сентябрына чейин жарактуу болгон Түркия Республикасынын паспортун колдонгон. Ал түрк паспорту менен Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик чек арасынан 27 жолу өтүп, Азербайжан, Казакстан, Бириккен Араб Эмираттары, Орусия , Түркия жана Индияга 2014-2018-жылдар аралыгында учкан.

Ал эми 2018-жылдан тартып Кыргыз паспортун 9 ирет колдонуу менен Орусия, Казакстан жана Индия мамлекеттерине барган.

Муну менен ал эки өлкөнүн жараны деген паспортту колдонуп жүргөн. Белгилей кетүүчү нерсе, Орхан Инанды Түркияда туулуп-өскөн жана Түркиянын жарандыгынан чыккан эмес. Мындан тышкары 2019-жылы тиешелүү кызматтар тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Орхан Инандынын Кыргыз Республикасынын паспортун алуу мыйзамдуулугу боюнча тергөө иштери башталган", - дешти мекемеден.

Белгилей кетсек, Орхан Инанды көп жылдан бери Кыргыз өлкөсүндө иштеп, жашап келген. Ал ушул жылдын 1-июнунан бери дайынсыз болуп жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Орхан Инанды атайын операциянын негизинде колго түшүрүлүп, Түркияга жеткирилгенин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Kg2020
2021-07-08 11:04:54
Шылтоолор башталды...эми ошондой дейт да бийлик ..Кыргыз жараны эле экен деп айтмак беле
+1
kkkk3259780
2021-07-08 11:07:00
Kg2020, эгер чын эле ушундай болсо анда кандай болот
+2
Munarbek1988
2021-07-08 11:32:37
Өтө эле акылдуу окшойт Турциянын жараны болсо... Анан кантип алды КР жарандыгын...
-1
Tursunbaev1978
2021-07-08 12:26:06
Munarbek1988,Өтө акылдуу эмес,акчанын күчү
+3
aikaademi
2021-07-08 15:58:21
Munarbek1988, паспорт сатып алып каалаганын кылып жүрдү да, өз мекенин саткан өзгөнүн мекенин сөзсүз сатат
+1
Mirnar
2021-07-08 18:01:53
Кр.паспорт алгыча Рф.паспорт албай деп окунуп аткандыр аялы. Кр.коргой албады оз жараанын. ( билим денгээлибизди которуп, мугалимдерди иш мн камсыздап, налог, патент тологонуно рахмат.)
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан