Биз социалдык тармакта

Шаржа-Бишкек-Шаржа багыты боюнча аба каттамы кайра жанданат

Шаржа-Бишкек-Шаржа багыты боюнча аба каттамдар кайра жанданат. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматынан кабарлашты.

Аба каттам аптасына 3 жолу - шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү жүргүзүлөт.

Шаржа-Бишкек-Шаржа аба каттамын Бириккен Араб Эмирлигинин авиакомпаниясы 16-июлдан тартып ишке киргизмекчи. Учуу убактысы төрт саатка жакын.

"Манас" эл аралык аэропорту учуулардын географиясын кеңейтүү жана жүргүнчүлөрдү ташууну көбөйтүү максатында жаңы авиакомпанияларды тартып, алар менен жаңы каттамдарды жүзөгө ашыруу боюнча иш жүргүзүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан