Ошто добуш сатып алууга шектелип депутаттыкка талапкер кармалды

Ошто добуш сатып алууга шектелип депутаттыкка талапкер кармалды. Маалыматты Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашып, учурда күбөлөр суралып жатканын белгиледи.
"7-июлда саат 22:00 чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан "шайлоочулардын добуштарын сатып алууга" шектүү катары дагы бир жаран кармалып, тергөө кызматына алып келинди. Ал Ош шаардык кеӊешине шайлоого аттанган партиялардын биринин атынан депутаттыкка талапкер.
Бул талапкер тарабынан шайлоочуларга берилген акча каражаттары алынып, тиешелүү көрсөтмөлөр топтолууда, күбөлөр суралууда. Тергөө иштеринин жүрүшү тууралуу дагы кошумча маалымат берилет", - дешти мекемеден.
Белгилей кетсек, кечээ, 7-июль күнү саат 11:00 чамасында "шайлоочулардын добушун сатып алуу" фактысы боюнча дагы бир Ош шаардык кеӊешине депутаттыкка талапкер кармалып, ал 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dembele84
2021-07-08 14:10:24
Текшерсе мындайлар чекеден чыгат
0
nargiz-sa
2021-07-08 15:40:26
Толтура мындайлар көрөбүз канчалык акыйкат чечилет бир гана талапкер эмес партия четтетилиши керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан