Бишкекте 6 бала бакча карантинге жабылды

Бишкекте 6 муниципалдык бала бакчада коронавирус инфекциясын жуктургандар аныкталып, карантинге жабылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашты.

"Дагы 19 бала бакча оңдоп-түзөөгө жабылды, алар жаңы окуу жылына даярданып жатышат. Калган мектепке чейинки билим берүү уюмдары кадимки режимде иштешет. Бирок имараттарды жаңы окуу жылына даярдоо үчүн кезеги менен жабылат.

Урматтуу жарандар! Бишкек мэриясы сиздерден бардык тазалык эрежелерин сактоону суранат, вирусту жуктуруп алгандар барган сайын көбөйүп жатат. Бет кап тагынып, антисептик колдонуп, колду бат-баттан жууп, кеңсени желдетип туруңуздар. Борбор калаада массалык иш-чараларга тыюу салынат.

Ден соолугубузга жана жакындарыбызга көңүл буралы", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан