Камчыбек Ташиев: "6 айдын ичинде мамлекеттин эсебине 6 миллиард сом төлөттүк"

Бүгүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин өлкөдөгү кырдаал боюнча маалымат жыйыны өттү. Жыйында Ташиев мамлекеттин эсебине 6 миллиард сом өндүрүлгөндүгү тууралуу айтты.

"2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында бардыгы болуп кылмыштардын бирдиктүү реестрине 404 сотко чейинки иш катталган. Алар коррупция, мыйзамсыз баюу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары менен катталган. Биз азыркы убакытка чейин 304 кылмыш ишин козгодук. Булардын мамлекетке келтирилген чыгымынын эсеби 26 миллиард сомдон ашык болгон. Азыркы учурда 6 миллиарддан ашык сом өндүрүлүп алынды. Буга чейин укук корго органдарынын практикасында мындай өндүрүү болгон эмес", - деди Ташиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан