Биз социалдык тармакта

"Ал сыртынан жалтырак, ичинен калтырак". Камчыбек Ташиевдин Орхан Инанды боюнча түшүндүрмөсү

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев соңку күндөрдө орун алган окуялар боюнча суроолорго жооп берди. Ага Орхан Инандынын уурдалышы боюнча бир нече суроолор берилди.

"Сиз жогоруда айтып өттүңүз. Орхан Инандыга коопсуздугу боюнча эскертүү берилген, ошол учурда ал башка мамлекетке көчүп кетсе болмок дедиңиз. Анда Кыргыз өлкөсүндө коопсуздук туулган жарандардын баары көчүп кете бериши керекпи?", - деген суроо берилип, Ташиев ага төмөнкүдөй жооп берди.

"Урматтуу журналисттер, силер Орхан Инандыны кыргыздын жараны менен салыштырбагыла. Ал башка элде жасаган кылмыштары үчүн жооп берип жатат. Ал башка мамлекетте террордук кылмыш кылып, анан биздин мамлекетке келип отуруп калган. Ал Кыргыздын жарандыгын алганы боюнча кылмыш иши ачылган, ал биздин жарандыкты алгандан кийин Түркиянын жарандыгын тапшырышы керек эле, аны тапшырган эмес, Түркиянын паспортун пайдаланып жүргөн да. Кыргызда мындайды "сыртынан жалтырак, ичинен калтырак" деп коёт. Сыртынан Кыргыздын жаранымын деп жүргөн дагы, ичинен Түркияда абал өзгөрүп кетсе, кайра ошол жакка кетип калам деген ой менен жүргөн", - деди Ташиев.

Ошондой эле Ташиев Кыргыз өлкөсүндө туулган адам болсо, ошондой эле башка жактын жарандыгы жок Кыргыз жаранына ушул сыяктуу кооптуу абал жаралса, тиешелүү бардык аракеттер көрүлө турганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
aminkaerke
2021-07-08 16:15:30
Эн туура жооп берди бир түрк үчүн аябай эле жаман болуп жатышат.
Ал билим берсе ошончо кайра акча алып жатат кайра эле байдын депутат паракорчулардын балдары окуйт.
Канчалаган кыргызым жоголуп уурдалып кулчулукта жүрөт ошого куйбойсунорбу акылдуулар
+9
Bishkek11
2021-07-08 16:15:59
Жететта Эми ушул жооп. Болду кылгыла. Туркияда канча жараандарыбыз иштеп журушот. Бир Орханды деп алар менен мамилени бузуштун кереги жокко дейм. Туура тушунгондорго.
+7
Milduri
2021-07-08 16:33:38
Ташиев калп айтат ал кайдан билиптир башка элде кылмыш кылганын, факт далил келтирип сүйлөбөйбү, ойду тоону оттой бербей, Орхан Инанды Кыргызстанда 1995-жылдан бери илим билим менен алектенип жүргөн, мен жакшы билем ал кишини көп жолу жолукканбыз билим тармагында, аны Турция президенти жөн эле каралап атат, Эрдоган да убагында Кыргызстанга лицейлерге келип эле жүргөн, Эрдогандын туугандарынын туура эмес коррупциялык иштерин булар ачып койот, ошодон Эрдоган өчөшүп буларды террорист деп алган.
-1
make2
2021-07-08 16:59:07
Уят далили жок сөздөрдү сүйлөбөш керек, өзунун оюн досторуна айт, Эрдоган оппозиционерлерди террорист деп согуп жатат деп эле айтта корпосоң.
-2
Asmat84
2021-07-08 19:10:05
Бизде деле толтура кош жарандык алган мекендештерибиз. РФ жарандыгын алган анан кыргыз жарандыгын алгандар толтура жүрүшөт
+6
Medina87
2021-07-08 19:13:57
Ташиев кагазга ороп айтыптвр Кыргызча "Сырты жалтырак Ичи калтырак" деп.
Орхан Инанды чын Ниети менен Кыргыз жарандыгын алган болсо Турк жарандыгынан баш тартуу керек эле!!
Кыргыз жарандыгын оз кызыкчылыгы учун алып Кыргыз Элине Саткынчылык жасагандыгы учун Керт башы менен Жооп берсин Ердогандын АЛДЫНДА!
+5
aliya-leyla
2021-07-08 20:05:56
эң туура молодец
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан