"6 айдан кийин дагы барам". Камчыбек Ташиев эмне үчүн чет өлкөдөн дарыланып жатканын айтты

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев эмне үчүн чет өлкөдөн дарыланып жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 8-июлда маалымат жыйында билдирди.

"Ден соолугум жакшы. Эмне үчүн Ташиев чет өлкөдө дарыланат деп айтып жатышат. Ушундай ооруга туш келип операция кылуу үчүн чет өлкөдө болуш керек болуп калды. Бул жактагы дарыгерлер башка өлкөгө барып дарыланууга сунуш беришти. Февраль айында барып келдим. Андан кийин эки айдан кийин кайрадан текшерүүдөн өтүшүм керек эле. 5 айдан кийин бардым. Азыр ден соолугум жакшы. Кичине энергия толуп маалымат жыйын берип жатам. Алардын сунушу боюнча 6 айдан кийин барам, анан кетип калды дебегиле", - дейт Ташиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан