"Кайсы саясатчы болбосун жоопко тартууга күчүбүз, эркибиз, акылыбыз дагы жетет". УКМКнын төрагасы революция болбой турганын айтты

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев революция болбой турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 8-июлда маалымат жыйында билдирди.

"Жогорку Кеңештин бир депутаты Орхан Инанды боюнча жооп бересиңер деп коркутуп жатат. Ооба, жооп беребиз. Баарыбыз жооп беребиз. Анын катарында чакырык үчүн силер дагы жооп бересиңер. Саясатчылар ар кандай нерселерди айтып жатышат. Күзүндө парламенттик шайлоодон кийин революция болот деп жатышат. Эч кандай революция болбойт. Биз элдик бийлик революцияга жол бербейбиз. Андан көрө өзүбүз кетебиз. Биздин өлкөгө революциянын кереги жок. Кээ бир саясатчылар бийликке жетүү үчүн ар нерсени айтышат экен. Муну башка адамдар колдонуп кетиши мүмкүн. Биз эч кимден жалтанып, коркуп, аяп койбойбуз. Эгерде мамлекетке зыян келтире турган болсо, кайсы саясатчыны болсо дагы жоопко тартууга күчүбүз, эркибиз, акылыбыз дагы жетет", - дейт Ташиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
akylbek.kg
2021-07-08 17:12:24
Эркек
0
Nina.alex
2021-07-08 17:17:09
Силер деле революция апкылуу келдинерго бийлике
-1
Dembele84
2021-07-08 17:32:57
Таза шайланып келгенсип айтыптыр го.Турмодон чыгып келип отурду досун и сени шерик кылып алды бийлике
-5
Shabi
2021-07-08 17:34:55
Элдин жини келсе,силерден сурап койбойт го. Ревалюция кылалыкпы,жокпу деп.Ревалюция болуп кетсе тушунбойле каласынар,эмне болуп кетти деп.Андан коро ошого жеткизбей иштеп бергиле.
+5
Medina87
2021-07-08 18:36:38
Лично мен азыркы Президент Садыр Жапаровдун да жана УКМК Торагасы Камчыбек Ташиевдин да позициясын колдойм Мигрантмын чёт жерде жумуш иштейм.
+1
suban78
2021-07-08 19:48:17
Ийгилик ишинерге урматтуу С. Жапаров, К Ташиев. Ит уро берет, кербен журо берет. Силерди амандагандар, кылган ишинерди корбогондор же коррупционер ууру кескилердин "мин сомдуктары" деп ойлойм.
Алга Кыргызстан
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан