Биз социалдык тармакта

Свердлов районунун көчөлөрү жарыктандырылды

"Бишкек жарык" муниципалдык ишканасы Свердлов районунда тышкы жарыктандыруу тармактарын модернизациялоо иштерин жүргүздү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, адистер Чоң-Коргон, Жумушчу, Гончарная, Боом, Калымская жана 8-март көчөлөрүндөгү сырткы жарык берүүчү шаймандар оңдолгон.

Андан тышкары 17 светодиоддук лампа орнотулуп, №66 мектептин аймагында 400 метр электр зымдары тартылган.

"Урматтуу жарандар, эгерде сиздин көчөдө капыстан жарык өчүп калса, анда ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы ар дайым сиз үчүн иштейт: 46-30-89, 57-63-51, WhatsApp: 0777 902-115", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан