Ысык-Көл облусунда спорттук машыгуу учурунда сабалган 9 жашар баланын окуясы министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун өзгөчө көзөмөлүндө турат. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.
"Улукбек Марипов иштин бардык жагдайлары жөнүндө маалымат берүүнү жана иликтөө алкагында балага карата зомбулукка жол берген жактардын аракеттерине гана эмес, кызматтык милдетине толеранттуулук, сабырдуулук жана диний маданият боюнча профилактикалык иш-чараларды өткөрүү маселеси кирген Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин кызматтык жактарынын аракеттерине (аракетсиздик) карай да укуктук баа берүүнү тапшырды.
Ошондой эле Марипов балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбековага бардык тапшырмалардын аткарылышын мониторингге алууну, ошондой эле мындай окуяларга жол бербөө боюнча чараларды күчтөндүрүүнү тапшырды", - деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин тогуз жашар бала Ысык-Көл облусундагы дзюдо боюнча секциянын машыгуулары учурунда теңтуштары тарабынан сабалган. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча жабырлануучунун ден соолугуна жеңил түрдөгү залал келтирилип, натыйжада ден соолугу жабыркап, кыска мөөнөткө эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготкон.