8-июлда мамлекеттик чек аранын Чашмагил ашуусунун жанындагы кыргыз-тажик бөлүгүндө болгон атышуу учурунда бир аскер кызматкерин тажик чек арачылары кармап, Тажикстандын аймагына киргизип кеткен. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда ок атышуу болгон жерде Кыргыз өлкөсүнүн жана Тажикстандын чек ара өкүлдөрү бул фактыны териштирип жатышат.
"Баткен участкасы боюнча чек ара өкүлү полковник Төлөнбаев тажик тараптан окуя учурунда кармалган кыргыз аскер кызматкерин кайтарып берүүнү талап кылды. Тараптар ортосундагы сүйлөшүүлөр уланууда", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Кыргыз-Тажик чек арачыларынын ортосундагы ок атышуудан 27 жаштагы Кыргыз жараны каза болду.