Бишкекте милиция кызматкерлери жоголгон алты жаштагы кызды издеп табышты. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 8-июль күнү кызды жакындары Кара-Балта шаарынан эч кандай коштоочу адамы жок Бишкекке автобус менен салып жиберишкен. Алдын ала маалыматтар боюнча, кызды Бишкектен ата-энеси тосуп алмак, бирок кандайдыр бир себеп менен кыз адашып кеткен.
Милиция кызматкерлерине кабар келип түшөрү менен алар издөө иштерин баштап, кыз "Ош базарынан" табылган.
Учурда окуянын келип чыгуу себептери такталып жатат, жакынкы убактарда кызды ата-энесине өткөрүп беришет.