Биз социалдык тармакта

Кыргыз-Тажик чек арасында каза болгон Хуснидин Хожиевдин сөөгү өлкөгө бүгүн Тажикстандын аймагы аркылуу алып келинет

Бүгүн, 9-июль саат 18:00гө карата Баткен облусундагы Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

"Каза болгон УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкери сержант Хуснидин Хожиевдин сөөгү өлкөгө бүгүн Тажикстандын аймагы аркылуу алып келинет. Эскерте кетсек, тажик аскер кызматкерлери биздин бир аскер кызматкерин гана кармашкан жана аны кайтарып алуу боюнча эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунда каралып жатат.

Мамлекеттик чек арада күч структураларынын аракеттерин координациялоо максатында Баткен облусуна УКМК Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары Курсанбек Бекташов учуп кетти", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Tariel_tt
2021-07-09 18:30:53
Лолулор аябай кутуруп кетишти. Кайран Атамбаевдин заманында коркуп турушчу.
+13
Rifle_I
2021-07-09 19:16:54
Tariel_tt,
Атмбаев заманында ляппай деп контрабарданы шопуру жасап турган. Наркотрафик түптүз өтүп тажиктерге эч ким тоскоол болгон эмес.
Азыр чек араны жаап салды. Наркотрафик жабылды. Ошол себептен аякачылык болуп агрессия кұч алды.
+7
Rifle_I
2021-07-09 19:17:34
Tariel_tt, Шопурунун айылында жашагандардан сура кандай иштерди жасаган. Бензовоздор түптүз кирип бошонуп чыгышкан.
+5
Gulina90
2021-07-09 19:03:01
Алсыз экенбизда жапжаш омурлор квйылып жатат,бийлик,Бир теманын артынан бирай чуркап Бир нерсени чечишпейт.
+7
Rifle_I
2021-07-09 19:15:31
Бул тажиктер неге эскертүүсүз так мээлеп атышат?
Итке иттей мамиле кылыш керек. Мындай учурларды алдын алуу максатында биздин аскерлер дагы эскертүүсүз таамай атыш керек.
Же алар бизди атат же биз аларды. Ким биринчи атат деген чоң суроо.
+10
Rifle_I
2021-07-09 19:23:02
Кудай буйруса ишим алдыга жылсын, мобилдик дрондон бирөөнү алып берем. Солдаттар алдын ала каерде ким бар экенин карап бара тургандай кылып.
Бир коллиматор болсо да армияга алып бериш керек окшойт.
+15
Gulina90
2021-07-09 19:43:27
Rifle_I,жеп жуткандар бирден алып беришсе Эл учун мамлекет учун деп,тапкандарын чет олкодо чалкалап эс алышпай.
+8
Mister-XXX
2021-07-09 23:48:39
Rifle_I,Мен да сендей оюм бар эле.Ошол дрон менен ок чыгара турган кылып жасаса да болот эле.Дрон менен бомба таштай турган кылса болмок
+2
Medina87
2021-07-09 20:44:56
Маркумдун жаткан жери жайлуу болсун!
Алакандай жериме, 6 миллион Элиме 120 депутаттын кереги не дейм да?
Ары кетсе ар Областтан 5 Тен депутат болсо болмок. 'Коп Суур ийин казбайт, казса да терен казбайт'.
Элдин эсебинен Жан Багар 120 депутаттын санын кыскартуу керек!
Чек ара маселеси чечилбесе болбойт тез Арада.
+8
Nursul
2021-07-10 11:49:03
Ошол такталбаган чек ара деген жердин 9 бөлүгүн ошол жуттарга берип өзүбүзгө 1 бөлүгүн алсак да макул тактайбыз ана мына чечебиз дегенинерче далай аскер балдар каза боло береби. Ошол жердеги элге тынчтык керек жашоого бир жакшы үмүт менен жашаганы алардын да укугу бар. Силер болсо нота жөнөттүк деп отурасынар нотанарды эч ким призновайтетпей атат ко.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан