Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 15 жаштагы Равил Машанло дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2-июль күнү баланын таежеси Каракол ШИИБине кайрылган. Анда ал 1-июль күнү саат 14:00 чамасында Караколдогу үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын билдирген.
Учурда анын жүргөн жерин аныктоо боюнча издөө иштерин милиция кызматкерлери жүргүзүп жатышат.
Кийген кийимдери: Ак түстөгү футболка, кара түстөгү шым, кара түстөгү баш кийим.
Өзгөчө белгилери: Бою 175 сантиметр, көздөрү күрөң, чачы кыска, кара.
Эгерде кимдир-бирөө сүрөттөгү өспүрүмдү таанып, жүргөн жерин билсе: 0555 230-490, 0755 074-720 номерлерине чалып коюусун милиция кызматкерлери өтүнөт.