Биз социалдык тармакта

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүүгө көз салышат

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүүгө көз салышат. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мониторингдин жүрүшүндө шайлоо процессинин бардык катышуучулары тарабынан Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамдарынын сакталышына, Кыргыз жарандарынын шайлануу жана шайлоо укугун жүзөгө ашыруу жана коргоо, коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. "Акыйкатчы Токон Мамытов ушул шайлоого катышкан бардык партияларга, шайлоо комиссиясынын кызматкерлерине жана республиканын жарандарына кайрылып, мыйзамдардын тиешелүү талаптарын аткарууга, жарандык аң-сезимдүүлүктү жана жигердүүлүктү өтүнөт", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан