Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров менен жубайынын шайлоо тилкелеринен тышкары жайда добуш берип жаткандагы сүрөтү

Бүгүн, 10-июлда президент Садыр Жапаров Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берди. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Президент жубайы Айгүл Жапарова менен кайра шайлоодо добуш берип жаткан сүрөтү жарыяланды.

Бир күн мурда мамлекет башчысынын жеке коопсуздук кызматкерлеринин биринен коронавирус инфекциясы катталгандыгына байланыштуу участкалык шайлоо комиссиясы көчмө добуш берүүнү уюштурду.

Президент берген ПЦР-тестинин жыйынтыгында, коронавирус инфекциясы чыккан жок. Бирок Садыр Жапаровго эпидемиологдордун берген сунуштарына ылайык, ал түздөн-түз байланышта болгондугу үчүн башкалардын ден соолугуна коркунуч келтирбөө максатында обочолонуу чараларын көрүшү зарыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
suban78
2021-07-10 17:40:12
Ийгилик урматтуу Президент!!!
+2
Rifle_I
2021-07-10 21:17:32
Кайсы партиянын махинациясынан улам шайлоо бузулса анда ошол партия чыгымдын баарын төлөп берип, мүчөлөрүнүн баары жазалана турган мыйзам керек.
Антпесе партия мошенниктерден айрымасы жок.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан