Кара-Көл шаарында эки унаа сүзүшүп, 2 адам каза болуп, 6 киши жабыркады. Алардын абалы оор

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы Бишкек-Ош унаа жолунда Хонда Одиссей унаасы менен Тойота Эстима үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, кырсыктын кесепетинен 2 адам каза болуп, 6 адам жабыркады.

"Жерине Кара-Көл шаардык №94 өрт куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу тартылган. Куткаруучулар каза болгон аял кишини унаадан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жарандар Кара-Көл шаардык ооруканага жеткирилген. Абалдары оор", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Rifle_I
2021-07-11 11:23:40
Таксисттердин баарын экзаменге жиберип текшериш керек. Адыраңдап каршы тилкеге чыккандар коркунуч жаратат.
Аман эсен жакшы болуп кетишсин Кудай буйруса .
+1
Kuban-1207
2021-07-11 13:46:02
Машина айдайт десе эшектер олчудой айдашат канча кишинин өмүрүн алып кетти
0
janka7
2021-07-11 14:31:27
Хонда Одиссей биздин туугандар эле, эне бала Каза болду,бейиштен орун берсин!Кыздарына сабр!
+1
Beka1986
2021-07-11 17:56:37
1 ай мурда хонда одиссейде ата менен бала өлдү эле....правый рулдар...эххх
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан