Ош аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Урмат Аттокуров добуш сатып алуу боюнча 16 маалымат келип түшкөнүн айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-июлда брифингде билдирди.
"Азыркы мезгилде кайрылуу, билдирүү боюнча маалымат бере кетсем. Үгүт иштеринин шарттарын бузуу боюнча 3, добуш сатып алуу боюнча 16, административдик ресурс колдонуу боюнча 3 маалымат түштү", - деди ал.
Учурда Бишкекте, Ошто, Токмокто кайра шайлоо өтүп жатат.