Бишкек-Торугарт жолунда балдарды лагерден алып келе жаткан 3 автобус кырсыкка кабылды. Жабыркагандар бар (сүрөт)

Бишкек-Торугарт унаа жолунда Ысык-Көлдөн Бишкекке лагерден балдарды алып келе жаткан автобус кырсыкка кабылды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 11-июль күнү түш чендерде болгон.

"Лагерден балдарды 5 автобус милициянын кайгуул кызматынын коштоосунда Бишкекке алып келе жатышкан. Ага чейин Хонда Одиссей унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай жолго туурасынан токтоп калган. Алгач кызматкерлердин унаасы биринчи токтогон. Андан кийин биринчи жана экинчи автобус токтоп, үчүнчү автобустун айдоочусу кандайдыр бир себеп менен алдыңкыларды сүзүп токтогон.

Натыйжада автобуста келе жаткан бир вожатый жана 4-5 бала жаракат алып, "Тез жардам" кызматы ооруканага алып кеткен. Алардын абалдары туруктуу. Учурда кызматкерлер жеринде иштеп жатышат", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан