Украинанын Львов шаарында күйүүчү май ташуучу вагондун үстүнө сүрөткө түшүү үчүн чыккан 26 жаштагы кызды ток уруп, денесинин 70 пайызы күйүк алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышты.
Маалыматка ылайык, 1995-жылы туулган Львов шаарынын тургуну темир жол станциясындагы күйүүчү май ташуучу вагонго сүрөткө түшүү үчүн чыккан. Ошол маалда аны ток уруп, кыз ооруканага денесинен 70 пайыз күйүк алып түшкөн.
Буга чейин дагы, апрель айында Москва шаарындагы көпүрөдөн кыз сүрөткө түшөм деп жатып дарыяга кулап, куткаруучулар тарабынан куткарылган.