Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышкан "Реформа" партиясы шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт. Мындай маалымат партиянын лидери Клара Сооронкуловага байланышканыбызда белгилүү болду.
"Реформа" партиясы Бишкек шаардык кеңешке болгон кайталап шайлоонун жыйынтыктарын тааныбайт.
Бул 2021-жылдын 11-июлунда болгон шайлоодо ушул жылдын 11-апрелинде орун алган шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга себеп болгон ашкере добуш сатып алуулар жана административдик ресурстун колдонулушу кайрадан орун алды.
"Реформа" саясий партиясы БШКны жана компетенттүү органдарды бардык укук бузуу фактыларын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде, объективдүү иликтөөгө жана укук бузган партияларды чечкиндүү түрдө тиешелүү жазага тартууга, ал тургай шайлоодон алып салууга чакырат.
Ошондуктан биз БШКны бул шайлоонун жыйынтыгын бардык бузуулар изилденмейинче, бекемдебей турууга чакырабыз.
Партия Бишкек шаардык кеңешке өткөрүлгөн шайлоону чынчыл, адилеттүү жана демократиялуу деген шайлоонун жалпы принциптерине жана шарттарына жооп бербейт деп эсептейт", - деп жазылат билдирүүдө.