Биз социалдык тармакта

"Манас" аэропортунда унааны 15 мүнөткө акысыз токтотуу жокко чыгарылат

"Манас" эл аралык аэропортундагы унаа токтотуучу зонадагы акысыз берилген 15 мүнөт 20-июлдан тартып жокко чыгарылат. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүдө айтылгандай, автоматташтырылган унаа токтотуучу жай аутсорсингге берилген жана келишимдин эрежелерине ылайык, тарифтер аутсорсинг компаниясы тарабынан белгиленет.
"Манас" аэропорту баа саясатына жана бааны түзүүгө таасир бере албайт. Ижарага алган компаниянын маалыматына ылайык, учурда тарифтер мурдагы баа боюнча калган. Тагыраагы 1 саатка 60 сом, алгачкы 15 мүнөт бекер жана 1 суткасына 360 сомду түзөт. 20-июлдан тартып 15 мүнөттүк бекер тарификация жокко чыгарылат", - дешет маалымат кызматынан.
"Манас" аэробекеттеги жолдун аркы бетинде бардык жарандар үчүн унааларды акысыз токтотуучу жай бар. Ошондой эле 1 саатына 40 сом жана 1 суткасына 200 сомду түзгөн унаа токтотуучу зона бар экенин кошумчалашты аэропорттон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
patiydin
2021-07-12 09:52:41
Элди ошол эле калды эле соруш жолу. Бул жагы коопсуз шаар камерасы жана башкалар....
+8
Dembele84
2021-07-12 10:12:47
Ай ай ай
+6
Aibek_eka
2021-07-12 10:16:57
Эптеп элди тонош керек екенда
+6
Nina.alex
2021-07-12 11:41:04
Тоногула элди
+3
PFC-CSKA
2021-07-12 12:09:01
Стоянкада расход жок да эмнеге таянып ушундай кылып жатышат же эмне тупо эле акча керек болгонбу эгер оз билемдик кылышса договору бузуп нормальный компания менен договор тузгуло да же озунордун да кызыкчылыгынар бар бы ?
+3
Rifle_I
2021-07-12 14:27:57
Элге кызмат кылуу деген түшүнүк жоголуп жатат. Баардык жерде элдин канын соруш керек. Мындай кете бериште талкаланат бул бийлик.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан