Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү "Дөө Чыңгыз" каймана аты менен таанымал Чыңгыз Жумагулов абактан чыкты. SUPER.KG порталына Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.
"Жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндүгүнө байланыштуу абактан чыкты", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
2019-жылы 9-апрелден 10-апрелге караган түнү саат 01:45 чамасында Бишкектеги №2 төрөт үйүнө эс-учун жоготкон абалда 2 жаран жеткирилген. Окуя болгон жерге милициянын ыкчам тергөө тобу барган. Анда №2 төрөт үйүнүн эшигинин алдына белгисиз жарандар катуу сабалган 2 жаранды таштап кетишкени белгилүү болгон. Алар кийин каза болушкан.
Бул кылмышка шектелип Чүй облусунун 1984-жылы туулган Т.М. жана 1981-жылы туулган А.И. аттуу тургундары кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Маалымат боюнча, алар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү. Мурда бир нече жолу соттолушкан. Ошондой эле бул окуя боюнча 11-апрелде криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан Чыңгыз Жумагулов Бишкек шаарынан кармалган.
Ал эми 2020-жылы судья Адылбек Эсенбаев аны 5 жылга эркинен ажыраткан. Аны менен чогуу бул кылмышка уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү, мурда бир нече жолу соттолгон Марсбек.Т. менен Ильяс.А. да айыпталып жаткан. Сот аларды 13 жылдан камакка алган.