Футбол боюнча Европа чемпиону аталган Италия курама командасы Рим шаарына барды. Мындай маалымат Италия курама командасынын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
"Кубок үйдө", - деп жазылды команданын расмий баракчасында.
Аэропортто жана мейманкананын алдында чемпион команданы күйөрмандар тосуп алган. Команда капитаны Жоржио Кьеллини автобустан башына таажы кийип, колуна Кубокту кармап түшкөн.
Бүгүн, 12-июлга караган күнү түндө өткөн финалдык беттеште Италия Англияны пенальтилер сериясында утуп, тарыхында экинчи ирет Европа чемпиону аталды.