Бүгүн, 12-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 325 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 12-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 325 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 853 метр куб, агып чыгышы 420 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.
Былтыр, 2020-жылы 12-июль күнү Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13 миллиард 637 миллион метр куб болчу.