"Бир үй-бүлөнү үйү менен агызып кеткен". Аксыда селден 9 адам каза болгону айтылды

Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагында бүгүн, 12-июль күнү кечинде сел жүрүп 9 адам көз жумду. Бул тууралуу аталган айылдын тургуну билдирди.

"Бүгүн жамгыр жааган, анан сайда сел жүрүп, дарактардын агындылары тыгылып, сел топтолуп-топтолуп көбөйүп кетиптир. Анын кесепетинен сай ичинде жайгашкан үйлөрдү сел каптап, 9 адам каза болду. Бир үй-бүлөнү үйү менен кошо агызып кетиптир. Азыр 5 адамдын сөөгү табылып, 4 адам дайынсыз дешип эркектер издеп жүрүшөт. Биз көрүп, тааныган эле адамдар болчу баары. Уккандан бери аябай жаман абалда турабыз", - дейт жергиликтүү тургун.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rahat73.
2021-07-13 07:55:10
Каап жаман кабар болду терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.суу кетүүчү сайларды тазалап туруш керек болчу суу чогулбагыдай кылып кырсык тилсиз жоо да
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан