
Ысык-Көлдө спорттук машыгуу учурунда сабалган 9 жашар баланын окуясына Бишкектеги Орус үйү байкоо жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашат.
Билдирүүгө ылайык, өткөн дем алыш күндөрү Бишкектеги Орус үйүнүн жетекчиси Виктор Нефёдов окуянын жагдайын билүү үчүн Ысык-Көл облусуна барып, жабыркаган баланын үй-бүлөсүнүн жактоочусу Индира Саутова менен сүйлөштү. Учурда ишти сотко өткөрүү үчүн материалдарды топтоо жүрүп жатат.
"Виктор Нефёдов Орус үйүнүн жаштар жана ыктыярчылар долбоорлорунун куратору Баира Буваева менен биргеликте балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова менен жолугушту. Жолугушуу учурунда тараптар спорттук машыгуу учурундагы резонанстуу окуяны талкуулашты, ошондой эле узак мөөнөттүү кызматташуу, балдар жана жаштар үчүн маданий-билим берүү жаатында биргелешкен иш-чараларды өткөрүү жөнүндө макулдашты", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин тогуз жашар бала Ысык-Көл облусундагы дзюдо боюнча секциянын машыгуулары учурунда теңтуштары тарабынан сабалган. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча, жабырлануучунун ден соолугуна жеңил түрдөгү залал келтирилип, натыйжада ден соолугу жабыркап, кыска мөөнөткө эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготкон. Бул окуя министрлер кабинетинин төрагасы
Улукбек Мариповдун өзгөчө
көзөмөлүнө алынган.