Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы айылдарда сел жүрүп, үйлөрдү жана тургундарды агызып кеткен. Бүгүн, 13-июлга карата ӨКМнын маалымат кызматынан жалпы 8 адамды сел агызып кеткенин, анын ичинен 6 адам табылганын билдиришти.
"Таштак айылында 2016-жылы туулган К.А. аттуу бала, Жолборсту айылында 2018-жылы туулган Т.Ф. аттуу наристе (кыз) дайынсыз болууда.
Бүгүн, 13-июлда издөө иштерин жүргүзүү үчүн 26 куткаруучу, 7 милиция кызматкери, жергиликтүү тургундардан 40 адам тартылды", - дешти мекемеден.
Эске салсак, кечээ, 12-июлда Аксы районунун Жаңы-Жол, Ак-Жол айыл аймактарында сел жүрүп, ӨКМнын берген маалыматы боюнча, 7 адам каза болуп, алардын алтоосунун сөөгү табылгандыгын билдирген. Ал эми SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун 9 адамдын каза болгондугун айтып берген.