Мини-футбол боюнча ММКлар арасында өтүп жаткан "Медиа Лига" мелдеши чечүүчү чегине жетти. Көч башында бараткан НБТ телеканалы жакынкы из кубарынан 4 упайга алга суурулуп чыкты. Байгелүү орундарга КТРК, "Азаттык" үналгысы жана "Супер-Инфо" гезити ат салышууда. Журналисттер арасында быйыл биринчи ирет уюштурулган таймаштын аякташына 2 айлампа оюндары калганын КРнын Футбол федерациясынын расмий сайты маалымдайт.