Биз социалдык тармакта

Президентке ишеним 80 пайыз... Өлкөдө калк кайсы кызматка канчалык ишеним артат? Социалдык сурамжылоонун жыйынтыгы

Кыргыз өлкөсүндөгү калктын бийлик ээлерине болгон ишеними жогору. Бул боюнча "М-Вектор" изилдөө компаниясынын жана Кыйноолорго каршы коалициянын социалдык сурамжылоосунда айтылат.

Сурамжылоого катышкандардын 80 пайызы президент Садыр Жапаровго ишенерин билдиришкен. Ал эми эч кандай ишеним көрсөтпөгөндөр болгону 6 пайызды түзгөн.

Аталган сурамжылоого караганда, ар кандай уюмдарга жана мамлекеттик түзүмдөргө болгон ишеним деңгээли боюнча алдыңкы үчтүккө армия (72 пайыз), диний уюмдар (53 пайыз) жана мамлекет (53 пайыз) кирген.

Сурамжылоонун жыйынтыгында, саясий партияларга ишенгендер 70 пайыз, парламентке 69 пайыз, сотторго 61 пайыз, прокуратурага 51 пайыз жана милицияга 47 пайыз ишенерин айтышкан. Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматына 49 пайызы ишеним көрсөтөрүн билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
make2
2021-07-13 15:11:30
80% менен шайланган, азыр 20% бооуп калды болуш керек
-2
Mister-XXX
2021-07-13 15:24:04
make2,Азыр деле 80%.Сенин коррупционер туугандарынды камап койсо керек да.Ошон учун ишенбейсин.
+4
Kyrgyz_bloger
2021-07-13 15:39:15
Каякта журду бул сурамжылоо мен жана мен тааныгандар кормок турсун уккан дагы жок мындай сурамжылоону.
+2
Dembele84
2021-07-13 15:44:31
Бул дагы президентке пахта коюунун бир айласы.
0
Real98
2021-07-13 16:05:49
Мен көрбөдүм такыр сурамжылоону. Ишенбейт элдин 70 %. 30 % дакансалар.
-2
bond02
2021-07-13 16:09:12
Кой эй, амээй. 80% деп калп айтпагыла 50% экенине да ишениш кыйын.
-2
kazakov1991
2021-07-13 17:06:14
Кантип эле 80% 1млн.200 мин адам шайлоого катышып ошонун 80 % колдогон бул деген 6 млн. Адам колдоду деген соз эмес
0
Бектурган
2021-07-14 01:58:51
Сотторго 61, парламентке 69, партияларга 71 дейби? Жалгандыда окшотуш керекта. Бул тескерисиби же???))...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан