Эверест чокусуна чыккан Эдуард Кубатов Улуттук олимпиада комитетинин Алтын ордени менен сыйланды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчаларына жарыялады.
Ага сыйлыкты Улуттук олимпиада комитетинин вице-президенти, Кыргыз Республикасынын хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов тапшырган.
"Алтын орден бул Эверестке чыккандыгы үчүн өлкөнүн Олимпиада комитетинин эң жогорку сыйлыгы. Мага ушундай жогорку жана баалуу орден тапшырып, көңүл бургандыгы үчүн Улуттук олимпиада комитетинин аткаруу комитетине ыраазымын", - деп жазган Кубатов.
Белгилей өтсөк, 23-май күнү Эдуард Кубатов "Эверест 1" экспедициясынын курамында дүйнөдөгү эң бийик Эверест чокусун багындырган.