Биз социалдык тармакта

5 миллион сомдон 10 миллион сомго чейин. Токиодогу Олимпиада оюндарында жеңишке жетишкен спортчуларга акчалай сыйлык берилет

Токиодо өтүүчү Олимпиада оюндарына катыша турган кыргыз спортчуларын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кабыл алды. Жолугушуу бүгүн, 13-июлда мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында болгонун министрлер кабинетинен кабарлашты.

"Алгач спортчуларды Кыргыз Республикасынын Олимпиадалык курама командасына киргендиги менен куттуктайм. ХХХII жайкы Олимпиада оюндарында ийгиликке жетүүнү каалайм. Сиздер жогорку деңгээлдеги атаандаштык шартында күч сынашасыздар. Сиздер татыктуу беттеш өткөрүп, жеңишке жетесиздер деп ишенем. Биздин команданын Токиодогу Олимпиада оюндарына катышуусу өлкө үчүн сыймык, жаштарды патриоттуулукка тарбиялоонун негизи. Өлкө эли жан дили менен колдоп, сүрөп, мамлекеттик гимнибизди угууга үмүттөнөт", - деди Улукбек Марипов.

Министрлер кабинетинин төрагасы кошумчалагандай, президент Садыр Жапаров дагы спортчуларга ийгилик менен жеңиш каалайт.

Улукбек Марипов Олимпиада оюндарында жеңишке жетишкен спортчуларга байгелүү фонд каралганын айтат. Ага ылайык:

Алтын медаль ээлерине - 10 миллион сом;
Күмүш медаль ээлерине - 7 миллион сом;
Коло медаль тагынса - 5 миллион сом.

Эгер спортчу жеңишке жетсе, башкы машыктыруучуга спортчуга берилген сумманын 30 пайызы, улук жана жеке машыктыруучуга 25 пайыз, биринчи машыктыруучуга 10 пайызы берилет. Медициналык персоналга байге фондунун 10 пайызы төлөнөт.

Жолугушууну жыйынтыктап жатып Улукбек Марипов мамлекеттик тууну курама команданын капитаны Атабек Азисбековго тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dembele84
2021-07-13 15:40:07
Ийгилик,мурдагы олимпиадага караганда быйыл спортчуларыбыз коп катышат.Спорт аз аздан болсо да онугуп жатат.Ушул бойдон токтоп калбай дагы спортту колдоону кучотуш керек!
+4
Qwer007
2021-07-13 16:19:58
Ага 30%, буга 20%..деп жатып спортчуга 20-25% тийет окшойт. Алга Кыргызстан
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан