Химиялык тазалоо кызматынын ишине канааттанбаган шаар тургунуна 16 миң 750 сом кайтарылмай болду. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги кабарлайт.
Агенттиктин маалыматына ылайык, ушул жылдын март айында Б.А. аттуу жаран пальтосун химиялык тазалоо кызматына берген.
"Химиялык тазалоо кызматы пальто бир күндөн кийин даяр болорун айтканы менен иш жүзүнө аткарылган эмес. Тагыраагы, пальто жакшы тазаланбай калды деп айтышкан. Арыз ээси бир күндөн кийин башка жакка учуп кетерин айткандыгына байланыштуу химиялык тазалоо кызматынан пальтону жакшы кургай электе тапшырып коюшкан. Аткарылган иштин жыйынтыгы кардарды канааттандырган эмес. Себеби химиялык тазалоодон кийин пальтонун жакасы күйүп, жеңдери чоюлуп калган. Буга байланыштуу кардар арыз жазган.
"Керектөөчүлөр укуктарын коргоо жөнүндө" мыйзамдын 38-беренесине ылайык, агенттик арызды кароо боюнча эки тарапты чакырып териштирүү өткөрдү. Териштирүүнүн жүрүшүндө химиялык тазалоо мекемесинин өкүлү арыз ээсине пальтонун базар баасынын 50 пайызын, башкача айтканда 16 миң 750 сомун кайтарып берүүгө макул болду", - деп айтылат билдирүүдө.