Биз социалдык тармакта

"Эки өлкөнүн достугун чагылдырат". Спорт агенттиги спортчулардын сынга алынган параддык формасы боюнча түшүндүрүү жасады

Кыргыз өлкөсүнүн олимпиадалык курама командасы Токиодо өтө турган оюндардын салтанаттуу ачылыш аземинде кийип чыга турган кийимдери бир күндөн бери сынга алынууда. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги форма боюнча билдирүү жасады.
Аталган кийимдер ата мекендик "Дилбар" мода үйү тарабынан тигилген. Ар бир спортчу үчүн даярдалган кийимдин баасы 95 миң сомдун тегерегинде. Сарпталган бардык каражатты Улуттук олимпиадалык комитети көтөрдү.
"Спортчулар кийип чыгуучу кийимдердин өзгөчөлүгүнө токтолсок, жигиттердин башында кыргыз калпагы. Негизги кийимдин оң тарабында кыргыздын улуттук оймо-чиймелери, ал эми сол тарабында япон элинин таанымал символикалары. Бул эки өлкөнүн ортосундагы достук жана биримдикти чагылдырат.
Форма салтанаттуу ачылыш аземинде гана кийилет. Мындан сырткары спортчуларыбыздын машыгуу жараяндарга жана Олимпиада оюндарында кие турган атайын спорттук кийимдери бар. Ал кийимдерди кытайлык "TECTOP" компаниясы даярдап, акысыз берген. Ошондой эле жарыштарга кийип чыгуучу атайын спорттук кийимдер бар. Аларды улуттук "Bigser sport" компаниясы даярдап берди", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Mubarak
2021-07-14 09:30:23
Ар бири 95 минби ошондо казактардын кийими сонун екен олимпиада екенин билдирип
+3
Jelezo
2021-07-14 10:01:55
Кыргызга кытай бекер берсе кыргыз кыргызга 95миң, акча бөлүшүү болуп кеткенби?
+3
Yahoo
2021-07-14 16:56:26
что за безвкусица!!?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан