"Венгрия кимоно стилинде, Италия иероглифтерди жазып". Башка өлкөлөрдүн Олимпиадага бара турган параддык формалары кандай?

Кечээ, 13-июль күнү Токиодогу жайкы Олимпиада оюндарына кийип бара турган Кыргыз өлкөсүнүн курама командасынын параддык формасы социалдык тармактарда талкууга алынган. "Тойго, сахнага кийүүчү кийим болуптур" деп көпчүлүк нааразычылыктарын баракчаларына жазышты. Мындан тышкары чапанга сакуранын түшүрүлгөнү ашыкча, буттарына да туура эмес бут кийим тандашкан деп сындашууда.

Ал эми Олимпиадага бара турган башка өлкөлөрдүн параддык формасы кандай экенине кызыгып көрдүк.

Дүйнөлүк антидопинг агенттиги Орусияга карата санкцияларды киргизген, ага ылайык орусиялык спортчулар өлкөсүнүн желегин көтөрүп чыгышпайт. Ошондуктан дизайнерлер буга жооп катары форманы желектин үч өңүндө чыгарган.

Украинанын формасы салттуу көк жана сары түстөгү назик палитра менен жасалган. Анда алар оюндардын ачылышы жана жабылышы парадына чыгышат, машыгууларга жана мелдештерге катышып, трибунага чыгышат. Ар бир спортчуга 50дөн ашык кийим берилет.

Тажикстандын улуттук курамасынын формасы мамлекеттик желегинин түсүндө даярдалган.

Өзбекстандын Улуттук олимпиада комитетинин басма сөз кызматы жазгандай, кесипкөй дизайнерлер арасында Токиодогу Олимпиада үчүн форма даярдоого сынак жарыяланган. Сынакка 100дөн ашуун талапкер өз эмгектери менен катышып, жыйынтыгында мыктылардын мыктылары тандалып, президент жана өкмөттүн сынына коюлган. Кийимдер Токионун климатын эске алуу менен жасалган.

Түштүк Корея улуттук курамасынын формасын Олимпиадага 100 күн калганда презентация кылган.

Япондор өздөрү минимализмди тандашкан. Ак жана кызыл түс өз ара айкалышат, бирок Олимпиаданын кожоюндарынын салтанаттуу формасы Япониянын спорттук тарыхын дагы бир жолу эскертип турат.

Япон маданияты дизайнерлерди көп шыктандырат: кимдир-бирөө иероглифтерди, кимдир-бирөө улуттук белгилерди колдонот. Венгриялык команданын кийими Япониянын маанилүү атрибуту - кимонону эске салат.
Венгриялык Nubu компаниясына оор тапшырма берилген: өлкөнүн жөнөкөйлүгүн айкалыштыруу менен оюндар кайсы жерде өтөрүн эскертүү. Дизайнерлер кең шым жана кең курдуу блузкалар менен япон кимоносун чагылдырышкан, ал эми түстөр Венгриянын желегиндей.

Италиянын командасын белгилүү дизайнер Жоржо Армани кийиндирет. Дизайнер япон мотивдерин жана Италиянын улуттук символдорун кийимде айкалыштырган. Мисалы, күрмөдө тегерек түрүндө өлкөнүн желеги түшүрүлгөн - ал дагы Япониянын желегине окшош. Арткы бетиндеги шрифт иероглифтердин стилинде.

АКШ командасынын спорттук формасын салттуу түрдө Nike компаниясы иштеп чыккан.

Канадалык спортчулар стадионго Levi’s компаниясы тиккен жынсы курткаларды кийип чыгышат. Дизайнерлер япон көчө модасына шыктангандыгын билдиришкен. Көпчүлүк күйөрмандар дизайнерлердин идеяларын түшүнбөй, форманы сынга алышкан. Кээ бири бул курткаларды көрбөш үчүн Олимпиаданы жокко чыгарууну өтүнүшкөн.

Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн курама командасынын параддык формасын "Дилбар" мода үйү тиккен. Костюмдун жарымы кыргыз стилинде, жарымы япон стилинде болгон. Дизайнер Дильбар Ашимбаеванын айтымында, "Япония абдан спецификалык өлкө. Сакура алар үчүн абдан маанилүү. Парадга биздин курама чыгып, стадион бойлой басканда Япониянын маданиятына Кыргыз өлкөсү кандай сый мамиле кыларын аталган өлкө гана түшүнөт", - деген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Beka1986
2021-07-14 11:37:43
Сонун экен
-3
al-abu-kinesz
2021-07-14 11:47:04
Япониянын колорити чагылдырылсын деген тапшырмага биздин "дизайнер" дагы жакшы костюмга чоон кылып фудзияманын суротун тарттырып койбоптур.
+8
bond02
2021-07-14 11:48:15
Италияны сонун экен.
+4
algakaray
2021-07-14 11:52:04
Италияныкы мощный экен Жиоржи Армани тигиптир. Озбекстандыкы деле жакшы экен.
+3
Mirnar
2021-07-14 14:30:50
АКШнын формасы жакты. Биздики деле жаман эмес.
+1
tsunse
2021-07-14 14:35:46
Биздики чалдар кийе турган чапандар го. Ыссыктын куну чапан кийип, кийбей эле койгула аны
+5
Mubarak
2021-07-14 22:10:15
Ее простою биздики бекен жок легенде костюм шим,юпка кылса болмок екен е мейли еми форма даяр спортчуларда еми кезек алтын медалдарды алып кыргызстанды кубантып келишсын
+1
Marni
2021-07-14 22:36:16
Менин фаворитим Венгрия.
+1
Asyl_Kg
2021-07-14 23:22:36
Кимоно-чапано
+1
Alia82
2021-07-15 10:25:03
Уят алмаштырыш кк чапандарды
0
ninja82
2021-07-15 14:42:29
Биздики да жаман эмес
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан