Акыркы жылдары өлкөдө кымбатчылык күн санап өсүп, калктын капчыгын бир кыйла жукартып, кыйла кыйынчылык жаратып жаткан кези. Күйүүчү май, ун, кумшекер, сабиз, атүгүл малдын тоютунун баасы дагы көтөрүлдү. Мындай көрүнүш бир гана биздин өлкөдө эле эмес, коңшу, жадакалса дүйнө жүзү боюнча болуп жатканы айтылып келүүдө.
Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, 30-июнда малдын тоюту (бир түк чөп) 255 сом 71 тыйын болсо, 7-июлга карата анын баасы (бир түк чөп) 302 сом 50 тыйынды түздү. 7 күн ичинде чөптүн баасы 46 сом сом 79 тыйынга кымбаттаган. Ал эми самандын баасы 30-июнда 146 сом 67 тыйын болсо, 7-июлда 195 сом болуп, 48 сом 33 тыйынга жогорулаган.
SUPER.KG порталы аймактарда малдын тоютунун баасы канча, эмне себептен быйыл чөптүн баасы көтөрүлүп жатат, ошондой эле кышка даярдык кандай жүрүүдө деген суроолордун негизинде сурамжылоо жүргүзүп көрдү.
"Быйыл алгач эле жазында чөп жаңы өсүп келе жатканда кар жаады. Чөптөрдү үшүк алып кетти. Андан кийин жамгыр жакшы жаабай, чөптөр күйүп кетти. Мындан улам чөптү сатып алууга туура келүүдө. Ал эми тоюттун баасы "асман чапчып" эле бара жатат.
Былтыр беде 150 сом, бир түк чөп 100-150 сомго чейин болгон. Жазында 200 сомго чыккан. Ал эми быйыл 300 сомдон болууда.
Айылда жайыттан чабылган бир унаа чөп былтыр 5-6 миңдин тегереги болсо, быйыл 18 миңге бааланууда. Өзүм болсо жайыттан эле чөп жыйнап, кышка камылга көрүп жатам", - деп билдирди Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун тургуну Бекназар Апазканов.
Талас облусунун тургуну Акылбек Жашарбеков малдын тоюту быйыл кескин кымбаттап жатканынын себебин аба ырайы менен байланыштырды.
"Быйыл малдын тоюту кымбаттап, элде кыйла кыйынчылык жаралып жатат. Жазында жамгыр жаабай койду да. Ошондуктан жайыттарда чөп жакшы өспөй калды. Эми кышка тоют сатып алып, камдашыбыз керек. Бир түк чөп 300 сомдон болууда", - деп билдирди Акылбек Жашарбеков.
Ал эми Ош облусунун Ноокат районунда малдын тоютунун баасы 300-400 сомго чейин болуп жатканын, ошондой эле чөп кымбаттаганы менен малдын баасы арзан болуп жатканын жергиликтүү тургун Апсалам Карыбек уулу билдирди.
"Бизде чөптүн орточо баасы 300 сом болуп жатат. Кээде андан дагы арзан сатылган учурлар болуп калууда. 200-250дөн деле алып жатабыз. Кай бир учурларда чөп аз болуп жатканда баасы 400 сомго чейин чыгып кетүүдө. Чөптү 300 сомдон 400 сомго чейин алабыз деп ойлоп жатабыз. Кышында кандай болот билбейм.
Негизи эле бир жыл чөп жакшы болуп, бир жыл жакшы болбой калат. Эл беде эгишкен. Алар жакшы өстү.
Чөптүн баасы кымбаттаганы малы көп адамдарга кыйын болду. Көпчүлүк малды базарга алып чыгып, сатып жатышат. Мал дагы арзан. Бирок мал арзан болгону менен эт кымбат. Түшүнүксүз эле абал болуп жатат", - деп билдирди Карыбек уулу.
Ал эми Чүй өрөнүндө бир түк беде 380-400, бир түк тоонун чөбү 330-350 сомдун тегерегинде болсо, ал эми бир түк саман 190-210 сомдун айланасында болуп жатканын жергиликтүү тургун Элина Айдыралиева билдирди.
Белгилүү болгондой, коңшу Казакстанда көптөн бери жаан-чачын жаабай, жайыттар күйүп, тоют жок болуп жатканы айтылган. Казакстандын Ветеринария дирекциясынын маалыматы боюнча, май айынын аягында Мангистау облусунда 1 миң 100 жылкы ачкалыктан өлгөн.
Буга чейин Казакстандын бир нече аймагында жаан жаабай, катуу кургакчылык күтүлүп жатканы маалымдалган. Тоюттун жоктугуна байланыштуу Казакстанда төөлөр картон жеп жаткандыгы кабарланган.
Эскерте кетсек, чөптүн баасы боюнча айырмачылыктар тууралуу комментарийге жазып толуктасаңыз болот.