"Дизайнерлер арасында сынак уюштуруш керек болчу". Спортчулардын сынга кабылган параддык формасы тууралуу Замира Молдошеванын пикири

"Уламалар кеңешинин чапаны", "кудалыкка бара жаткандай", "артисттердин кийими болуп калыптыр" деп көпчүлүк тарабынан сынга кабылган Олимпиада оюндарына бара турган спортчулардын параддык формасы талкууланып бүтө элек. Формага, аны тиккен дизайнерге карата ар тармактын өкүлдөрү өздөрүнүн сын-пикирин айтышууда. Айтылып жаткан билдирүүлөрдүн арасында тигүүчү тарапты колдогондор да жок эмес.

Алсак, белгилүү стилист, дизайнер Замира Молдошева жеке пикири менен бөлүштү.

"Биринчиден, Дилбар Ашимбаева Кыргыз өлкөсүндөгү жогорку суроо-талапка ээ болгон дизайнерлердин бири. Олимпиадага бара турган спортчулардын костюмдарын тигүү боюнча дизайнерге адаттагыдай кеч кайрылышкан. Берилген тапшырма - форма ак түстө, милдеттүү түрдө сакуранын жана биздин кыргыз орнаментинин болушу шарт. Дилбар Ашимбаева костюмдарды иштеп чыгуу чечимин өзү кабыл албагандыгын белгилеп кетким келет. Ал дизайнер катары алдына коюлган тапшырманы 100 пайыз аткарышы керек болчу. Анын ойлонууга, өзүнүн жеке бир чыгармачылыгын кошууга мүмкүнчүлүгү болгон жок.

Биздин Олимпиада комитетинин күнөөсү - тендерге бардык дизайнерлердин катышуусуна мүмкүнчүлүк берип, сынак уюштурбаганында. Бул жерде күнөө толугу менен комитеттики. Анткени мен дизайнер катары Олимпиадага бара тургандардын костюмун тигүү керектигин эми билип жатам.

Спортчулардын формасынын айланасында суроолор көп. Мен биздин элди түшүнбөй жатам, сиздерди сакура уялтып жатабы же костюмдун баасыбы? Эмнеге бир форма 95 миң сом? Анткени кол эмгек жана кымбат баалуу кездемелерден тигилди. Дилбар Ашимбаев сапатка иштейт. Кимдир-бирөөгө бул жагат, кимдир-бирөөгө жакпайт. Биздин спортчулар бул кийим менен мелдешке чыкпайт, бул параддык костюм. Мунун максаты көрүүчүлөр алыстан эле биздин оюнчулар экенин таануу.

Сураныч, шыбай бергенди токтоткулачы. Мен Дилбар Ашимбаеваны чындыгында сыйлайм жана жакшы көрөм. Ал менин мугалимим, ал мен уккан жана урматтаган жалгыз дизайнер.

Пикиримди жыйынтыктап жатып, бул окуяда Олимпиада комитетинин күнөөсү чоң дегим келет. Анткени бардык дизайнерлерге сынак уюштуруп, катышууга мүмкүнчүлүк бериши керек болчу. Эгер тендер жарыяланса арзан тиккендер тандалмак. А бул жерде сапат керек болду. Ушуга байланыштуу комитет Дилбар Ашимбаевага адаттагыдай эле кеч кайрылды. Костюмдар боюнча азыр дизайнерге асылып жатышат, а бирок эл Ашимбаева акыркы мүмкүнчүлүктү пайдаланып, өлкөнүн аты үчүн аракет кылганын эске алышкан жок", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, 23-июлдан 8-августка чейин Японияда Олимпиада оюндары өтөт. Кечээ, 13-июлда мелдештерге катыша турган кыргыз спортчуларынын параддык формасы социалдык тармакка тарап, талкууга жем таштады. Сын-пикирлер тууралуу бул шилтеме аркылуу өтүп тааныша аласыз, ал эми дизайнер Ашимбаеванын пикирин бул жактан, кыргыз дизайнерлеринин оюн бул жактан окуй аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nina.alex
2021-07-14 13:13:26
Койчай. Куноону дароо. Бироого оодара салмай кыргыз дын канында бар
+7
Бектурган
2021-07-14 14:38:11
Сенин мугалимиң, сен сыйласаң эле эл анын кемчилдигин айтпай калгыдай сен кимсиң???...
+7
Shabi
2021-07-14 14:57:09
Студент кезде,ушундай Кыргызга таандык буйумдарды жазаганда.Мугалимибиз айтчу эле"Бир коргондо Кыргыз экени,Кыргызстандыкы экени дароо корунуш керек,кыргыз жыттаныш керек"деп.А бул костюмдардан бир коргон киши Кыргыз экенин биле албайт.Кыргызымдын эн сонун,керемет оймо чиймелери бар.Эмнеге ошолордон кобуроок колдонулнан эмес.
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан