Сел ташкынынын кесепетинен улам өзгөчө кырдаал режими киргизилген Жаңы-Жол, Ак-Жол айыл аймактарында 3 жана 5 жашар балдар дале табыла элек. Бүгүн, 14-июлда издөө иштери улантылып, издөөгө жалпы 52 адам тартылганын ӨКМнын басма сөз кызматынан кабаралашты.
"Эртең мененки саат 06:30дан тартып 15 куткаруучу, 7 милиция кызматкери, жергиликтүү тургундардан 30 адам издөө иштерин жүргүзүүдө", - дешти мекемеден.
12-июль күнү саат 18:00 чамасында Ак-Жол айыл аймагындагы Алты-Айры жайлоосуна жааган жамгырдын кесепетинен Жолборсту сайында сел жүрүп, 7 адамы агызып кеткен (бир үй-бүлөнүн 6 мүчөсү менен 12 жаштагы бир бала). Мындан сырткары Жаңы-Жол айыл аймагынын Таштак айылында көчөдө ойноп жүргөн 2016-жылы туулган баланы агызып кеткен.
Жалпысынан 8 адамды сел агызып, анын ичинен 6 адам табылган. 13-июлда каза болгондордун сөөгү
жерге берилди.