Аксыда сел агызып кеткен 3 жаштагы кыздын сөөгүн атасы бүгүн үйүнүн жанынан тапты

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда сел агызып кеткен 3 жаштагы кыздын сөөгүн атасы бүгүн, 14-июлда сел алып кеткен үйүнүн жанынан тапты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Учурда Жалал-Абад ОИИБинин кинология борборунун кызматкерлери кызматтык атайын издөө багытындагы иттердин жардамы менен издөө иштерин улантууда.

12-июль күнү саат 18:00 чамасында Ак-Жол айыл аймагындагы Алты-Айры жайлоосуна жааган жамгырдын кесепетинен Жолборсту сайында сел жүрүп, 7 адамы агызып кеткен (бир үй-бүлөнүн 6 мүчөсү менен 12 жаштагы бир бала). Мындан сырткары Жаңы-Жол айыл аймагынын Таштак айылында көчөдө ойноп жүргөн 2016-жылы туулган баланы агызып кеткен.

Жалпысынан 8 адамды сел агызып, анын ичинен 6 адам табылган. 13-июлда каза болгондордун сөөгү жерге берилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Бектурган
2021-07-14 14:45:30
Бул итиңер нашадан башка эч нерсе таба албайт...
+1
Asmat84
2021-07-14 18:37:53
Бектурган,
Булардын иттери да коррупционер болуп кетишкен бир аз пара бергенде эт давно таап чыкмак
-1
nazira...
2021-07-14 19:45:33
Жакшына сүйлөгүлөчү. Бейкүнөө адамдар жоголуп атат, силер быякта мынтип сүйлөп жатасыңар. Тооба дегиле.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан