Биз социалдык тармакта

Орхан Инандынын жактоочусу: "Аны 35 күн кыйнап, колун дагы сындырышкан"

Орхан Инандыны 35 күн кыйнап, колун дагы сындырышканын Инандынын Түркиядагы жактоочусу анын үй-бүлөсүнүн жактоочусу Таалайгүл Токтакуновага билдирген. Бул тууралуу Токтакунова Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Жактоочунун билдирүүсүндө, бүгүн түркиялык жалпыга маалымдоо каражаттары чындыкка туура келбеген ар кандай маалыматтарды таратып жатат, Орхан Инанды күнөөсүн моюнуна алды деген маалымат чындыкка жатпайт.

"Менин кесиптешим, Стамбулдагы жактоочунун айтымында, Орхан Инанды ушул 35 күндүн ичинде кыйноого алынып, колу сынган (колдун туура эмес бүтүп калганы сүрөттө көрүнүп турат). Ага карабастан, ал эч нерсени моюнуна алган жок, анткени ал эч кандай мыйзамсыз уюмдун мүчөсү эмес жана эч кандай мыйзамсыз аракеттерди жасаган эмес. Анын күнөөсү ал Кыргыз өлкөсүнүн аймагында мыкты мектептерди ачканы, лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнө жаркын келечек үчүн мүмкүнчүлүк бергени", - деп жазган Токтакунова.

Орхан Инанды ушул жылдын 1-июнунан бери дайынсыз болуп жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Орхан Инанды атайын операциянын негизинде колго түшүрүлүп, Түркияга жеткирилгенин кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Asmat84
2021-07-14 15:22:23
адвокаттар башка кылаарга иштери жокпу
канчалаган кыргыз мигранттардын укуктары бузулуп жатат канчалаган кыз келиндердин укуктары бузулуп жатат канчалаган колунда жок адамдардын укуктары бузулуп жатат
силерге акча төлөп берсе эле ошол адамдын сөзүн сүйлөсүңөрбү. эмнеге алар жөнүндө ооз ачпайсыңар
+8
Milduri
2021-07-14 15:49:13
Аман эсен Бишкеке балдарынын жанына келип алсын деп дуба кылабыз эми, Аллах жардамчы болсун Орхан Инандыга, келип ишин уланта берсин, чындыгында лицейлерде билим берүү аябай жакшы, өз ишин мыкты билген профессионал мугалимдер иштейт.
+3
Dembele84
2021-07-14 22:52:24
Инандыны Эрдоган эч качан бербейт,хоть Ташиев менен Жапаров чогуу барып суранса дагы.Токтакунова акчасын алып алып эми эмне кылышты билбей ар кимди куноолоп журот,же факт болсо олойун!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан