"Пешком" кыймылынын мүчөлөрү Бишкектеги Абдрахманов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги веложолду жашыл түскө боёп чыгышкан. Эмне үчүн мындай кадамга барышканын алар велосипед тепкендер шаардык мэрияга веложолдорду жакшыртуу керек деп бир нече жолу кайрылышкандыгын, бирок мэриядан жооп болбогонуна байланыштуу өздөрү мисал катары муну кантип жасаса болорун көрсөтүүнү чечишкендиктерин айтышкан.
Ал эми SUPER.KG порталы Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматына байланышканда, Биринчи Май районунун ички иштер башкармалыгына активисттерге карата чара көрүү боюнча кат жөнөтүлгөндүгүн билдиришти.
"Биринчи Май районунун муниципалдык администрациясынын маалыматы боюнча, бул маселе Бишкек шаарынын мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясынын өкүлү менен биргеликте жерине баруу менен каралды. Анын жүрүшүндө инспектор Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, кодексте чара көрүү үчүн берене жок экендигин түшүндүрдү. Буга байланыштуу муниципалдык администрация тарабынан Биринчи Май РИИБине өлкөнүн мыйзамдарына ылайык "Пешком" кыймылынын активисттерине чара көрүү боюнча кат жөнөтүлдү", - деп билдиришти мэриядан.