Чүй ОИИББинин жетекчилиги жана өздүк курамы короновирус инфекциясынын алдын алуу максатында эмдөөдөн өтүштү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чүй ОИИББинин башчысынын милдетин аткаруучу Сапарбек Асаналиев жана орун басарлары, кызматтардын жетекчилери, ошондой эле өздүк курам жугуштуу илдетке каршы эмдөөдөн өтүштү.
Чүй облусунун ички иштер органдарынын өздүк курамын эмдөөдөн өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлүп, кызматкерлер эмдөө алышты.