Биз социалдык тармакта

Москвадагы мигранттардын массалык мушташына катышкан Кыргыз жарандары кайрылуу жасашты

Москвадагы мигранттардын массалык мушташына катышкан Кыргыз жарандары Орусиядагы Кыргыз өлкөсүнүн элчилигинде билдирүү жасашты. Бул тууралуу элчиликке байланышканыбызда билдиришти.

"Кечээ орун алган жаман окуяга катышкандардын бири болом. Абалы эң жаман дегендердин биримин. Социалдык тармактарда ар кандай сөздөр болуп жатат, ага ишенбеңиздер. Кечээ "Кузминкиде" деп дагы чыгарышыптыр, алардын баары жалган. Окуя жума күнү болгон. Бул ортодогу өзүнүн пайдасын ойлогон жактар чыгырып жатышат. Булар кыргыз элин ойлобой эле ортодо ызы-чуу чыгаргысы келип жатат.

Социалдык тармактарда бул жерге, тигил жерге балдар чогулгула деген билдирүүлөр келип жатат. Андай чакырууларга барбаңыздар. Кудай буюрса, баары жакшы. Маселени ИММ, кыргыз өкүлчүлүк менен бирге чечели деп элчиликке келип, кайрылып жатабыз.

Биздин атыбыздан жардам болсун деп банктык эсеп ачып коюшуптур. Бул жалган. Буларга ишенбеңиздер. Жазылган банктык эсеп бизге тиешелүү эмес. Кандай адамдар биздин атыбызды жамынып жатканын билбейм. Бирок уялса болмок", - деп билдирди массалык мушташка катышкандардын бири.

Аталган окуяга катышкандардын дагы бири окуя 12-июлда эмес, жума күнү (9-июлда) болгондугун билдирди.

"Окуя 12-июлда эмес, жума күнү болгон. Жардам керек деп банктык эсеп ачкандарга ишенбеңиздер. Эл чогулган жерге барып, чагымчылдыкка алдырбаңыздар. Мыйзам чегинде баарын чечебиз", - деп билдирди ал.

Ал эми элчиликтен жабыр тарткан балдардын абалы жакшы экендигин, учурда бул маселе көзөмөлдө экендигин маалымдашты.

"Балдардын абалы жакшы. Учурда бул маселе элчиликтин көзөмөлүндө турат. Жабыр тарткан балдарды элчиликтин вице-консулу коштоп жүрүп, юридикалык жардам көрсөтүп жатты.

Консулдар жабырлануучулар менен тыгыз байланышта иштеп жатат", - деп билдиришти элчиликтен.

Окуянын чоо-жайы:

Буга чейин Москва шаарындагы "Кузьминки" метро станциясынын жанында жүздөгөн мигрант массалык мушташ уюштурушканы белгилүү болгон.

Ал эми окуя тууралуу Кыргыздын Орусиядагы элчилиги билдирүү таратып, анда мушташтын себептери тууралуу айтылган кептер чындыкка дал келбейт деген.

Андан кийин мушташ кыздардын айынан келип чыккандыгын орусиялык басылмалар жазып чыгышкан. Ошондой эле Москвадагы мигранттардын массалык мушташы: Катышкандарга айып салынып, өлкөдөн чыгарыларын орусиялык басылмалар жазышууда.



Москвадагы мигранттардын массалык мушташына катышкан Кыргыз жарандары кайрылуу жасашты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aika2013
2021-07-14 17:48:37
Биздикилер жаап жашыра беришет дайыма корунуп турса дагы' оорууну жащырсан олум ашкере кылат' тажик кыргыз болуп мушташ болдуго' аны баары корушту угушту.эмне учун биздин тарапты албаисынар' маалыматты так беришпейт.Мамлекеттен эч кандай жардам жок элибизге!!!
-7
Jaraisyn
2021-07-14 17:54:01
aika2013,айланайын Айкам, катышкандар айтып атат го,камсанаба баары жакшы болуп калат буюрса. Ар бир катышканга мамлекет да байкуш кантип жетишсин жардам берип. Чет жерде оболу жарандарыбыз тынч болсун!
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан