Биз социалдык тармакта

Өлкөдөгү нефтетрейдерлер ассоциациясынын жана ири субъектилердин жетекчилерине бир катар талаптар коюлду

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги нефтетрейдерлер ассоциациясынын жана базардын ири субъектилеринин жетекчилери менен жолугушуп, бир катар талаптарды койду. Бул туурасында аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, 14-июлда баанын өсүшүнө байланыштуу күйүүчү майлар базарындагы кырдаалды талкуулаган жыйын өткөрүлдү. Жолугушууга нефтетрейдерлер ассоциациясынын жана базардын ири субъектилеринин жетекчилери катышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында баалардын жогорулашы объективдүү экендигине карабастан агенттик бир катар талаптарды койду:

1) таза атаандаштык принцибин так сактоого;

2) бааларды кармоо инструментин колдонуу менен баалардын кескин өсүшүн болтурбоо жана күйүүчү майлардын керектүү запастарын камсыздоо, ошондой эле чыгымдарды оптималдаштыруу.

"Учурда республикада күйүүчү майлардын тартыштыгы жок. Монополияга каршы жөнгө салуу орган өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында күйүүчү майлардын бааларына сурамжылоо жүргүзүү, рыноктогу кырдаалды талдоо жана негизсиз өсүшкө жол бербөө боюнча сунуштарды берүү менен баанын өсүшүн ооздуктоо боюнча иш алып барууда. Мунай сатуучулар тарабынан талаптар бузулган учурда монополияга каршы тиешелүү чараларды көрөт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
PFC-CSKA
2021-07-15 08:21:19
Ушул антимонополья нын кереги жок экен бекер зарплата алышат колунан эч нерсе келбейт.талаптар бузлса кыйын болсо 1000-3000 сом штраф койушат болду.негизи ушул монополияда канча сотрудник бар канча зарплата алышат ошол кызык болуп атат да мага.
0
Stels
2021-07-15 09:33:56
Калп эле вид кыла бербегилечи!!! Колдорунан кокон тыйын келбейт,бекерпоздор! Альтернатива тапсанар болот беле. Казактар м-н сүйлөшүп мамиле кылган да колуңардан келбейт неудачниктер.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан