"Талибан" кыймылынын коркунучунан улам Ооганстандан Тажикстанга кире качкан ооганстандыктар кайра мекенине кайтарылды. Бул тууралуу өздүк булактарына таянуу менен Тажикстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Андагы маалыматта, кечээ, 13-июлда Тажикстанга кире качкан этникалык кыргыздарды кошпогондо бардык Ооган качкындары мекенине кайтарылган. Аларды Ооган өкмөтү Тажикстандын Куляб шаарынан тик учак менен алып кеткен.
Кечээ, 13-июлда Ооганстандан Тажикстанга 77 этникалык кыргыздар мал-жандыктары менен чогуу кире качкандыгы кабарланган.
Ооган качкындары Тажикстанга эң алгач 22-июнда "Талибан" кыймылы маанилүү делген "Шерхан-Бандар" өткөрмө пунктун басып алгандан кийин качып өтүшкөн.