Кыргыз-Казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү пунктунда 100дөй кыргыз жүк ташуучулары турат. Бул бүгүн, 15-июль саат 08:00гө карата алынган маалымат экенин Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
Мекеменин маалыматына караганда, жүк ташуучу унаалардын 30-40ы контейнер ташыса, калганы эл керектөөчү товарларды жана тамак-аш азыктарын ташыйт.
"Аталган өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалардын топтолушу экономикалык иштин активдешүүсү жана жүк жүгүртүмүнүн сезондук көбөйүшү менен байланыштуу. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги башка өткөрүү пункттарында адамдардын жана унаалардын тыгыны катталган жок", - дешти маалымат кызматынан.