Тажикстанга качкан Ооганстандагы этникалык кыргыздардын саны 300дөн ашты

Акыркы эки күндө, тагыраагы 13-14-июлда 345 Ооганстандагы этникалык кыргыздар Тажикстандын аймагына "Талибан" согушкерлеринен качып келишти. Бул тууралуу тажик басылмалары мамлекеттик органга шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, этникалык кыргыздардын арасынан 91и эркек, 77си аял жана 177си жашы жете электер. Алар Ооганстандын Бадахшан провинциясынын Вахон районундагы Андемин айылынын тургундары болгон.

Ооган качкындарын Мургаб районундагы эки айылга жайгаштырышкан. Качкындар өздөрү менен кошо миңге жакын мал жандыктарды, 300 топоз, үч төө, 30 жылкыны жана 3 жарым килограммдан ашуун баңгизат алып келишкен деп айтылат маалыматта.

Акыркы убакта “Талибан” кыймылы ондогон райондорду басып алган. Буга АКШ эл аралык аскер күчтөрүн Ооганстандан чыгарып кетип жаткандыгы себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ninja82
2021-07-15 14:19:48
качып келе жаткан кыргыз уч жарым кг ала келсе,авгандар тонналап эле откозушот экенда.
+3
Nur-sultan
2021-07-15 14:38:11
ninja82,булар сатууга эмес. Өздөрү колдлнушат бангизаттарды. Кыргызстанга көнбөй кетип калгандары ошондон
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан