Бүгүн, 15-июлда Ташкент шаарында кыргыз делегациясы "С5 + 1" форматындагы (Казакстан,Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана АКШ) кезектеги жолугушууга катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун негизги темасы болуп Ооганстан аймагынан коалициялык аскерлердин чыгып кетишине байланыштуу бул өлкөнүн айланасындагы кырдаал талкууланды.
"Кыргыз тарап Ооганстандан келип чыккан чек ара коркунучтарына тынчсыздануусун билдирип, чыр-чатакты жөнгө салууда ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экендигин белгилеп, бул биринчи кезекте ооган ичиндеги диалогго негизделиши керектигин билдирди.
Мындан тышкары коронавирус пандемиясынын терс кесепеттерин жоюу темасы, анын ичинде вакциналарды мамлекеттер арасында бирдей бөлүштүрүү жана азык-түлүк коопсуздугу жаатында кызматташуу маселеси талкууланды", - деп жазылат министрликтин маалыматында.
Жолугушуунун катышуучулары Ооганстанда келип чыккан коркунучтарга каршы туруу жана туруктуулукту бекемдөө каражаты катары экономика жана коопсуздук жаатында кызматташтыкты өнүктүрүүнү улантууга макулдашты.