"Өзүн жаман сезип жатканы даана байкалган". Оор абалда жасалма комада жаткан ырчы МакSимдин акыркы концертинин видеосу жарыяланды

Жасалма комада жаткан орусиялык ырчы МакSимдин июнь айынын башында Орусиянын Казань шаарында берген концертинин видеосу жарыяланды. Дал ушул концертте МакSим өзүн жаман сезип, концерт бүткөндөн кийин ооруканага жаткан.

Орусиялык басылмалар Казандагы концертте ырчынын дене табы көтөрүлүп, өзүн жаман сезгенин жазышты. Бирок буга карабастан МакSим сахнага чыгууга макул болгон. Ошол эле учурда ырчы кыйналгандыгына байланыштуу нотага түшүп ырдай алган эмес.

Эске салсак, ырчы МакSимдин өпкөсүнүн 40 пайызы жабыркап, ооруканага жаткырылганы 16-июнда белгилүү болгон. Кийинчерээк андан дагы бир илдет аныкталып, ырчы оор абалда жасалма комада жаткандыгы кабарланган. Өз кезегинде орусиялык ырчы Стас Барецкий аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына жардам берүүгө даяр экенин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jaka1978
2021-07-16 02:56:00
Иий өкүнүчтүү
+1
Alfiya
2021-07-16 08:45:38
Эмнеге акыркы концерти деп жазасынар?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан